Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун иши тууралуу маалымат угулду.
Аталган борбордун ишмердигин талкуулоо учурунда депутат Улукбек Ормонов министрликтин буга чейин атайы токтом долбоорун даярдап, анда Даун синдрому, шал жана аутизмден жабыркаган балдар маселесин көтөрдү.
"Бүгүнкү күнгө чейин токтом даярдалбаптыр, ал жок экен. Мындай балдардын ата-энеси ансыз да кыйналып турат, анткени балдары ошондой төрөлгөн. Кайра-кайра баласын жетелеп комиссияга баруунун канчалык кажети бар? Комиссияда көптөн бери иштеп жүргөндөр эмне үчүн ушул маселени көтөргөн эмес? Улам текшерүүнүн кандай кызыкчылыгы бар?" - деди Ормонов.
Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун жетекчиси Салтанат Мамажусупова тубаса Даун синдрому, аутизм жана шал менен төрөлгөн балдарга майыптык макамын берүү маселеси жаңы иштелип жаткан жободо каралганын, ал жакында коомдук талкууга коюларын айтты.
"Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму койгон чек бар. Биз балдардын майыптуулугун аныктаганда аларга сөзсүз түрдө реабилитациялоо көмөгүн камсыздап беришибиз керек. Бүгүнкү күндө Даун синдрому, аутизми жана шал оорусу менен төрөлгөн балдардын комиссиядан ар 3-5 жыл сайын өтүүсү боюнча маселе кайрадан каралып атат. Биз мындай балдарга майыптуулукту мөөнөтсүз берүүнү пландап жатабыз", – деди Мамажусупова.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын маалыматында, Кыргызстан боюнча майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашкан. Анын ичинен 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар.
Саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөсүн алган жарандар медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан күбөлөндүрүүдөн өтүп, "майып" макамын алат. (KS)