Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

Түркияда өрт кырсыгы кеминде 27 кишинин өмүрүн алды

Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Түркияда бүгүн 2-апрелде өрт кырсыгынан кеминде 27 адамдын өмүрү кыйылды. Өрт Стамбул шаарында, 16 кабат имараттын жертөлөсүндөгү түнкү клубдун ичинен тутанганын Би-Би-Си жазды.

Клубда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы жана коноктор үчүн жабык болгону айтылды.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл журналисттерге маалымат берип жатып кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин, адистер териштирүү жүргүзүп жатышканын айтты.

​
XS
SM
MD
LG