Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Казакстанда 10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткени кабарланды

Казакстан. Актөбө облусу.
Казакстан. Актөбө облусу.

Казакстанда 10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткенин бүгүн 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы Актөбө облусунун Айтекебий районунун акимчилигинин маалыматына таянып билдирди.

Окуя 2-апрелде болгону, бала теңтуштары менен сабактан кайтып келе жатып көчөдө ойноп калганы, ал терең топтолгон сел суусуна түшүп кеткени, жардамга чуркап барган чоң кишилер сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалды.

23-мартта да ушул эле облустун Ебейты кыштагында төрт жашар наристе кар эригенден кийин топтолгон сууга түшүп кетип, оозу-мурдуна суу кирип, чарчап калганын жергиликтүү "Диапазон" басылмасы жазган.

Соңку бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар аймактарын кар эригенден кийин суу каптап жатат. Абай облусунда төрт киши дайынсыз болууда.

​
XS
SM
MD
LG