ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Бишкек милициясынын эки тергөөчүсү пара талап кылуу үчүн шек саналып кармалды

Пара катары берилген акчаны тактоо. 3-апрель, 2024-жыл. УКМК тараткан сүрөт.
Пара катары берилген акчаны тактоо. 3-апрель, 2024-жыл. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) бир нече кызматкерин кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 3-апрелде 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИБ тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү К.Б.М., Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А.Э. жана ортомчу катары иш алып барган деп шектелген А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.

Булар УКМКнын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканы кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, шектүүлөр тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылышканы аныкталган. Тинтүү учурунда аталган адамдардын иш бөлмөсүндө пара катары алынган 80 миң сомдун бир бөлүгү, 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер - акча төлөнгөн чектер жана квитанциялар алынган.

Ошол эле күнү кылмышка шектүү адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК ИИМ менен чогуу укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштерди улантып жатканы кабарланды.

УКМК тарабынан ИИМдин түрдүү башкармалыктарынын кызматкерлери пара алууга, опузалап акча талап кылуу жана башка коррупциялык иштерге шек саналып кармалган учурлар арбын.

1-март күнү атайын кызмат ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалганын кабарлады.

29-февралда УКМК Кайгуул милиция кызматкерлерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар деген шек менен жыйын учурунда кармаган. 19-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кармалган.

Январь айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) Жол кайгуул кызматынын тогуз кызматкери пара алууга шектелип кармалган.

Былтыркы жылдын аягында бир нече милиционер кылмыштуу топ түзүүгө, кылмыштуу топтор менен кызматташууга шектелип кармалганы маалымдалган. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG