Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Бишкек ЖЭБинин эки от казанын ТВЕА компаниясы реконструкциялай турганы айтылды


Бишкек ЖЭБи. (архивдик сүрөт)
Бишкек ЖЭБи. (архивдик сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-апрелде парламентте сүйлөп жатып Бишкек Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) от казандарын реконструкциялоо иши Кытайдын ТВЕА компаниясына тапшырылганын айтты.

"Мен атайын делегация менен Үрүмчүгө барып, ТВЕА менен жолугуп келдим. Алар №3, №4 от казандарын курган, беш жыл сайын келип текшерип, оңдоп берип турушмакчы болгон экен. Бизде катуу ызы-чуу чыккандан кийин келбей коюптур. Быйыл жетинчи жылга кетип жатат. Биз алар менен сүйлөшүү жүргүздүк. Жакында министр Таалайбек Ибраев өзү сүйлөштү. Биз ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун капиталдык ремонт жүргүзүүнү суранып атабыз, анткени аны фирма өзү курган", - деди Акылбек Жапаров.

2-апрелде Улуттук инвестиция агенттиги Кыргызстан-Кытай бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд 151 млн долларлык келишим жана меморандумга кол коюлганын кабарлаган.

Мекеменин басма сөз кызматы кол коюлган келишим, меморандумдарга ылайык кайсы долбоорлор ишке ашарын жарыялады. Бирок долбоорлордун суммасы көрсөтүлгөн эмес. Алардын арасында Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) №3 жана №4 блокторун толук оңдоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлгөнү айтылган.

Ушундан кийин айрым маалымат каражаттары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына таянып, “ТВЕА компаниясы Бишкек жылуулук борборун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар сарптайт” деген кабар жазышкан. Кийин ал маалыматты Энергетика министрлиги жокко чыгарган.

3-апрелде президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасында ЖЭБ ири суммадагы каражатка оңдолот деген маалыматтарды төгүндөп, туура эмес кабар тараткан Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери кызматынан бошотулганын билдирди.

ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзгөн. 2018-жылы январда авария болуп, ызгаар суукта шаар тургундары бир апта жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Быйыл 2-февралда да ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG