Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:42

Украина Patriot батареяларынын жетишсиздиги тууралуу маселе көтөрдү


Дмитрий Кулеба.
Дмитрий Кулеба.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын учкучсуз учактар чабуулдарына каршы туруу үчүн НАТО өлкөлөрүн Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареяларынан көбүрөөк жөнөтүүгө чакырды. Бүгүн 4-апрелде Брюсселде аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын жыйыны алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

"Эмне үчүн союздаштар күн сайын баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалып жаткан жерге кошумча батареяларды жөнөтө албай жатышканы түшүнүксүз болууда", - деди.

Брюсселдеги жолугушууда Украинага аскердик жардам берүү маселеси талкууланып жатат.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.

3-апрелде украин бийлиги согушка аскерлер 27 эмес, 25 жаштан тартып чакырыла баштай турган мыйзам кабыл алды. Талдоочулар муну украин аскерлеринин эки жылдан берки согуштагы чамасын мүнөздөгөн кейиштүү көрүнүш катары баалап жатышат. Алардын пикиринде, жөө аскерлердин жана курал-жарактын жетишсиздиги Орусиянын согушта үстөмдүк кылуусуна шарт түздү.

НАТО Украинага колдоосун көрсөтүүдө, бирок анын коопсуздугунун негизги кепилдигин – бул уюмга мүчөлүктү берүүдөн карманууда. Ошондой эле Орусия өзөктүк куралы бар өлкө болгондуктан, НАТО аны менен согушка түздөн-түз аралашууну каалабай турганы айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG