Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Грузиянын өкмөтү президенттин Литвага баруусуна уруксат берген жок

Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

Грузиянын өкмөтү президент Саломе Зурабишвилиге Литванын баш калаасы Вильнюс шаарына иш сапар менен барууга уруксат берген жок.

4-апрелде өкмөттүн сайтына жарыяланган билдирүүдө президенттин сапар тууралуу өтүнүчү эмне себептен канааттандырылбаганы ачыкталган эмес.

Зурабишвили Вильнюска 10-12-апрель күндөрү иш сапар менен барууну пландап жатат. "Кавказ жаңырыгы" басылмасы белгилегендей, азырынча президент өкмөттүн тыюусуна карабай Литвага барарын же барбасын билдире элек.

Ал арада бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын башкы катчысы жана Тбилиси шаарынын мэри Кахи Каладзе журналисттерге маек берип, Зурабишвили өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын билдирди. "Зурабишвили айланасына өлкөнүн ачык душманы эсептелген радикал оппозициялык күчтөрдү топтоп жатат", – деди ал.

Былтыр күзүндө Грузияда батышчыл жана украинчил көз карашынан улам Зурабишвилинин популярдуулугу арта баштаганда "Грузин кыялы" ага импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Анда президентти "2023-жылы өкмөттүн макулдугусуз чет өлкөлөргө чыгып, Конституцияны бузду" деп айтыпташкан.

Жыйынтыгында бийликтеги партиянын президентке импичмент жарыялоо демилгеси башка депутаттардын колдоосун таба алган эмес. Зурабишвили "Свобода" радиосуна курган маегинде бийликтеги партия "өлкөдөгү демократияны жана Грузиянын европалык келечегин өлтүрүүгө аракет кылып жатканын" айткан.

Жакында эле Грузияда былтыр жапырт нааразылыктан кийин токтотулган, Орусияныкындай деп сынга кабылган талаштуу "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети кайрадан башталды. Бийликтеги башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын аткаруучу директору Мамука Мдинарадзе жаңы мыйзам долбоорунун тексти буга чейинки сунуш кылынган мыйзамдыкындай эле болорун, бир аз айырма бар экенин билдирди. Ага ылайык, "Чет өлкөлүк таасирдеги агент" дегендин ордуна "чет өлкөлүк күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм" деген термин колдонулат, калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калган.

2022-жылы Орусия Укринага толук масштабдуу согуш ачкандан кийин орусиячыл позициядагы "Грузин кыялынын" өкмөтү Москванын Украинага кол салуусун айыптап, бирок Орусияга каршы санкция салуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG