Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Өзбекстанда Украинадагы согуш тууралуу тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды


"Артдокфест-Азия" фестивалы.
"Артдокфест-Азия" фестивалы.

Өзбекстандын Маданият министрлиги даректүү тасмалардын "Артдокфест – Азия" фестивалынын алкагында режиссерлор Виталий Манский менен Евгений Титаренконун "Чыгыш фронту" аттуу Украинадагы согуш тууралуу тасмасын көрсөтүүгө тыюу салды.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин көрсөтмөсү менен андан тышкары фестивалдык программадагы башка көрсөтүүлөрдүн баарына тең тыюу салынды.

Бул жөнүндө Манский өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Бул көз карандысыз 139 Documentary Center аянтчасы иштей баштаган төрт жылдан берки алгачкы учур болууда. Саламатсыңбы, "Орус дүйнөсү", – деп жазды режиссер.

"Чыгыш фронту" тасмасынын премьерасы 2023-жылы 24-мартта – Орусиянын Украинага каршы согуш баштаганынын бир жылдыгына карата Берлинале фестивалында болгон.

Тасмада үй-бүлөлөрүн алыскы тылга жеткирип, өздөрү ыктыярчы катары фронтко жөнөгөн беш украиналык жөнүндө айтылат. Фильм 2022-жылы 24-мартта – согуштун алгачкы күндөрү тартыла баштап, ага "Настоящее Время" телеканалы колдоо көрсөткөн.

Документалдык тасмалардын "Артдокфест" фестивалын режиссер Виталий Манский 2007-жылы Москвада негиздеген. 2020-жылы орус бийлигинин басымы күчөгөнүнө байланыштуу фестиваль Ригага көчүрүлүп, бүгүнкү күндө Балтика жана Чыгыш Европа документалистикасынын форуму катары ишин улантууда.

Өзбекстанда даректүү тасмалардын "Артдокфест – Азия" фестивалы алгачкы жолу 2021-жылы 139 Documentary Center аянтчасында өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG