Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Бишкекте 196 млн сомдук тарыхый имарат мамлекетке кайтарылды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жеке менчикке өтүп кеткен республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат 25 сотых жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылганын кабарлады. Атайын кызмат имараттын баасын 196,2 млн сомго баалады.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги аталган гимнастика боюнча имарат берилген.

Атайын кызмат Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Л.В.И. аттуу жетекчиси имаратты коррупциялык схема менен жеке компанияга өткөрүп жибергени аныкталганын билдирди. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG