Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Акыйкатчы институту абактагы Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экенин билдирди


Махабат Тажибек кызы
Махабат Тажибек кызы

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 6-апрель күнү Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, ал жердегилерди кармоо шарттары менен таанышты.

Тергөө абагында сабалганы айтылып жаткан журналист - Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен жолугушту. Анын камералаштары Н.Кудайбергенова, К.Аранова, абактын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу адам укугун коргоо институтунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматта Махабат Тажибек кызы абактын кызматкерлеринин орой мамилесине жана абактагыларга кол көтөргөнүнө даттанганы жазылган.

"Алардын айтымында, 4-апрелде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Н.Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруган. Ал баш тарткан. Ал кызматкерди алар мурда көргөн эмес. 2024-жылдын 5-апрелинде мекеменин кызматкерлери Н.Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында кайрадан буюмдары менен сыртка чыгуусун талап кылган. Аны күчтөп сыртка чыгарышкан. Мекеменин кызматкерлеринин версиясы боюнча кармалып турган аял каршылык көрсөткөн", - деп жазылган анда.

Акыйкатчы институту журналист Махабат Тажибек кызынын эки колунда, сол жаагында, сол колтугунда көгала тактар бар экени аныкталганын, бирок бул тактарды сүрөт, видеого тартууга мекеменин кызматкерлери уруксат бербегенин, анын негизинде акт түзүлгөнүн да билдирди.

Институттун кызматкерлери тергөө абагына барган учурда ал жакта Атайын прокуратуранын жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү да болгон.

Атайын прокуратуранын кызматкерлери бул факт маалыматтарды каттоо журналына каттап, текшерүү иштери башталганын кабарлаган.

Жолугушуу учурунда журналист Махабат Тажибек кызы жана Каныкей Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып акыйкатчынын атына арыз жазышкан.

Акыйкатчы тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоону жана аларга күч колдонуунун негиздүүлүгүн тыкыр иликтөөгө чакырды.

Махабат Тажибек кызы тергөө абагында уруп-сабоого кабылганын маалымдап, 6-апрель күнү Жаза аткаруу кызматкерлерине каршы арыз жазган.

ЖАКтын басма сөз кызматы Махабат Тажибек кызынын сабалганы тууралуу маалыматты четке каккан.

  • 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалган.
  • Мартта үч кызматкер ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
  • Махабат Тажибек кызы баштаган сегиз кызматкердин камактагы мөөнөтү 13-майга чейин узарган.
  • ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
  • Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG