Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Темиров жубайына абакта күч колдонулушун журналисттик иликтөө менен байланыштырды


Болот Темиров
Болот Темиров

Иликтөөчү журналист Болот Темиров тергөө абагында кармалып турган жубайы Махабат Тажибек кызына Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан күч колдонулганын өзүнүн акыркы иликтөөлөрү менен байланыштырды.

"Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү Миланга учуп барып келгени тууралуу жасаган иликтөө материалыбыз жана үч күн мурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупциядан 100 млрд сом өндүрдүк деп айтканын жокко чыгарган фактчек материалым себеп болду деп ойлойм. Бул жубайым аркылуу мага берилген эскертүү деп эсептейм. Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун, атүгүл Атайын прокуратуранын өкүлдөрүнө жубайымдын жана анын камералашынын сабалып, көгала болгон тактарын сүрөт-тасмага тартууга уруксат бербей коюшканы кооптондурат. Ошондой эле журналисттер азыр тергөө абагында туугандары менен көрүшүү укугунан ажыратылганын айта кетишим керек".

Болот Темиров журналисттик иликтөө ишин уланта берерин кошумчалады.
Анын жубайы - “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы учурда камалып турган тергөө абагында уруп-сабоого кабылганын маалымдап, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жазганы 6-апрелде кабарланган. ЖАКтын басма сөз кызматы анын сабалганы тууралуу айтканын четке каккан.

Акыйкатчы институту, Кыйноолорго каршы улуттук борбор жана Атайын прокуратуранын өкүлдөрү 6-апрелде журналист кармалып турган тергөө абагына кирип, аны менен жолугушкан учурда денесинде көгала тактары бар экени аныкталганын Акыйкатчы институту билдирген. Маалыматта ошондой эле бул тактарды сүрөт-тасмага түшүрүүгө уруксат берилбегени да жазылган.

Тиешелүү мекемелер Болот Темировдун жубайына байланыштуу айткандарына комментарий бере элек.

  • Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2-апрелде 7-каналга маек куруп, соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөнүн билдирген. Болот Темиров көп өтпөй фактчек иликтөөлөрдүн натыйжасында Кыргызстанда коррупциядан 500 миң сомдон ашыгыраак акча гана мамлекеттик казынага кайтарылганын айтып чыккан.
  • “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы Ички иштер министрлигинин "Массалык баш аламандыкка чакыруу" беренеси менен козгогон кылмыш ишинин алкагында дагы 10 журналист менен кошо 16-январда кармалып, камакка алынган. Март айында Биринчи Май райондук соту алардын ичинен үч журналистти түрдүү себептер менен үй камагына чыгарган. Сегизи 13-майга чейин тергөө абагында калтырылган.
  • Курч журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган Болот Темиров өзү 2022-жылдын аягында Кыргызстандан күч менен чыгарылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG