Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

УКМК кармалган кылмыш тобунун мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлгөнүн билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргызстандын мамлекет башчыларына кол салууну пландаган" деп шек саналган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүп берилгенин билдирди.

22-мартта УКМК Бишкек шаарынын Киев - Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экени аныкталган беш азербайжандык жаран кармалганын маалымдаган.

Алар 20-мартта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө жайы аркылуу Кыргызстанга киргени, Кыргызстандын аймагында кылмыштуу топтордун системасын түзүп, өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, криминалдык идеясын күчөтүүнү, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландаганы маалыматта айтылат.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу топторго тиешеси бар экени аныкталган. Алар кыргызстандыктарга коркунуч келтиргендиктен жана Азербайжандын өтүнүчү менен 7-апрелде “Манас” аэропортунун аймагында аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилди.

23-мартта УКМК алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы аныкталганын, алар Кыргызстандын мамлекет жетекчилерине кол салууну пландап жатканын билдирген.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалган. 26-мартта Бишкекке алып келинген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.

Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”, Тилек Матраимовго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG