Орозо айт намазы коопсуздуктан улам аянттарда окулбайт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул чечим тууралуу 8-апрелде кабарлады.
"Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттерде окулат", - деп маалымдады Муфтияттын басма сөз кызматы.
Намаз убактысы эртең менен саат 7:30га белгиленди. Мечиттерге чогулуу саат 6:15те башталып, баяндар айтылат.
Мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы 10-апрелде болот.
Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.
Бир канча жылдан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышат.
2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган. (SE)