Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Чүй облустук соту Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 20 жылга кесип, 120 миң сом айып салды


Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Азамат Эстебесовду алып баратышат. Архив
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Азамат Эстебесовду алып баратышат. Архив

8-апрелде Чүй облустук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөнү үчүн 20 жылга соттолгон Азамат Эстебесовдун ишин карап, чечим чыгарды.

Сокулук райондук прокуратурасы райондук соттун чечими менен Эстебесовго кылмыш ишиндеги бир эпизод боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жаза каралбай калганына макул болбой, облустук сотко арыз менен кайрылган.

Облустук сот Эстебесовго чегерилген катуу тартиптеги абакта 20 жыл жаза өтөө чечимин күчүндө калды. Ал эми прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, Эстебесовду Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу") боюнча бардык эпизоддо күнөөлүү деп таап, жалпы салынган айыпты 120 миң сом деп аныктады.

26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга кесип, 80 миң сом айып салып, жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Эстебесов Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" - бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн), 194-берененин 2-бөлүгү ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" - күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берененин 2- жана 3-бөлүгү, ("Ден соолукка оор залал келтирүү" ), 137-берене ("Кыйноолор"), 154-берененин 2-бөлүгү ("Зордуктоо"), 122-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен күнөлүү деп табылган.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү эркиндикке чыгарганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG