Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Ички иштер министри 11 журналисттин иши боюнча пикирин билдирди


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышы жана аларга коюлган айыптар тууралуу комментарий берди. Ал 11-апрелде “Кабар” мамлекеттик агенттигине курган маегинде бул иште саясий себеп жок экенин айтып, кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптады.

Жапырт башаламандыкка айыпталып жаткан "11 кишинин экөө гана журналист, калгандары блогер атыккандар, жогорку билими жок” деп айтты.

“Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой берсе, камайбыз да. Жалган жалаа жаап, калп маалыматтарды таратып эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп отура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп жатпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок”, - деди министр.

Ал такталбаган маалымат үчүн Европа, АКШда жаза күч экенин, мындай талаптарды Кыргызстанга да киргизүү керектигин кошумчалады.

Министр "бийликти сындоого эч кандай чек жок экенин, өлкөдө сөз эркиндиги корголо турганын" белгиледи.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта калган.

Ички иштер министрлиги “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG