Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

Сессияда жок депутаттардын ордуна добуш берүүнү токтотуу сунушталды


Жогорку Кеңеш. Архив сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңеште 11-апрелде «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун өтпөй калышы боюнча пикир келишпестик чыкты. Депутат Кубанычбек Самаков мыйзамга «макул» деп добуш бергенин, бирок жыйынтыгында «каршы» болуп көрсөтүлүп калганын айтып чыкты.

Мындан улам документтин парламентте өтпөй калганынын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлдү. Эл өкүлү Дастан Бекешев соңку учурда депутаттардын жыйынга катышпай жатканын сындап, кесиптештерин жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Кесиптештерден кечирим сурайм. Бирок саат 12ден кийин 30-40ка араң жеткен депутат отурат. Чынында бул туура эмес. Мен сунуштап жатам, депутаттарды келген жок деп эсептеш керек. Биз келбей калган депутатты каттоодон өткөрүп, ордуна добуш берип жатабыз. Бул өтө жаман көрүнүш. Бул маселени чечели. Ким келбесе, айлык дагы албасын», - деди депутат.

Депутат Аманкан Кенжебаев дагы башкалардын атынан добуш берүүнү токтотууну сунуштады.

Буга чейин эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсүндө Face ID жана Touch ID технологияларын киргизүү сунушталган. Бирок бул сунуш 2026-жылга калган. Коомчулукта депутаттардын биринин ордуна бири добуш бергени кескин сынга кабылып келет.

Өлкөдө Баш мыйзам менен кошо парламенттин түзүмү дагы өзгөрүп, депутаттардын саны 120дан 90го чейин азайган. Парламент бир мандаттуу (36 депутат) жана партиялык тизме (54 депутат) менен шайланып келген депутаттардан куралган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG