Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Министрлик оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын нааразылыгына үн катты


Нааразылык акциясына чыккан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары. 11-апрель, 2024.
Нааразылык акциясына чыккан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары. 11-апрель, 2024.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкекте оор жүк ташуучу жана атайын техникалардын айдоочуларынын аларга коюлган талаптарды өзгөртүү боюнча нааразылыгына пикирин билдирди.

12-апрелде министрликтин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Кылыч Досумбетов бул боюнча комиссия түзүлө турганын билдирди.

Комиссияга министрликтин алдындагы тийиштүү мекемелерден жана Жүк ташуучулар бирикмесинин өкүлдөрү кирди. Алар бүгүн Маловодное айылындагы салмак текшерүү бекетине барып, коюлган салмак чегин төмөндөтүү же көтөрүү маселесин карай турганы белгилүү болду.

“Кыргызстан эгемендик алган жылдан бери өлкөдө жол курууга 2,6 млрд доллар сарпталган. Бул жолдорду сакташыбыз керек деп ойлойм. Ош - Сары-Таш – Карамык, Бишкек – Нарын – Торугарт, Талас – Тараз – Суусамыр сыяктуу стратегиялык маанидеги жолдор бар. Бул жолдор 10 тоннага чейинки салмакты көтөрүүгө ыңгайлашса, биз бул чекти сакташыбыз керек”.

Досумбетов Бишкекте оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөөнү кубаттап, HOWO жүк ташуучу унаалары карьерлерде иштөөгө ыңгайлашканын, анын салмагы жүк менен 40 тоннага жетип, жолдорго зыян алып келип жатканын кошумчалады.

11-апрелде Бишкектин четинде 300дөй оор жүк ташуучу жана атайын техниканын айдоочулары нааразылык акциясына чыгып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жолдо жүрүү үчүн коюлган жүктүн салмагы боюнча талапты өзгөртүүнү талап кылышкан. Мындан тышкары аларга Бишкек шаарынын ичинде журүүсүнө айрым чектөөлөр киргенин, мындай шартта аларга иштөөгө мүмкүн болбой калганын айтып даттанышкан.

5-апрелден тарта Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө чектөө киргизген. Жол коопсуздугун жана жолдун сапатын сактоо максатында кирген талапка ылайык, салмагы 18 тоннадан оор жүк ташуучу автоунаалардын саат 7:00-21:00 аралыгында шаардагы муниципалдык жолдо жүрүшүнө тыюу салынат. Мындай чектөө 1-октябрга чейин күчүндө болот.

Гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жеткиргендер жана муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыгандар, мэрия тараптан жол курууга, оңдоого тартылган техника мындай талаптан бошотулат.

Мэрия бул талапты бузган айдоочуларга “Укук бузуулар кодексинин” негизинде айып каралганын эскерткен. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG