Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

ТИМдин маалымат кызматы кыргыз дипломатына байланыштуу окуяга комментарий берди


Тышкы иштер министрлиги, Бишкек.
Тышкы иштер министрлиги, Бишкек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Москвадагы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жасалган мамиле боюнча Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү тараткан билдирүү көптөгөн суроолорду жаратканын билдирди.

Бул тууралуу ТИМдин расмий сайтындагы комментарийде айтылат. Анда орус полициясынын расмий өкүлү Ирина Волктун болуп өткөн окуя боюнча тергөө жыйынтыктай электе эле кыргыз дипломатынын үйүнө эч ким кирген эмес жана күч колдонулган эмес деген маалыматы кыргыз тараптын суроолорун жаратканы айтылган.

"Бул маалыматта жабыр тарткан аял балдары менен өз үйүндө туруп, инциденттин күнөөлүүсү болгону көрсөтүлгөн. Бул логикага каршы келет",- деп айтылган маалыматта.

ТИМдин маалымат кызматы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын дипломаттык макамдын кол тийбестиги тууралуу комментарийин канааттануу менен кабыл алынганы белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы элчиликтин кеңешчисинин үй-бүлөсүнө карата орусиялык полиция кызматкерлеринин мамилесин айыптаган.

Мунун алдында маалымат каражаттары Орусиянын эки полиция кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун тийиштүү уруксаты бар-жогун текшерүү үчүн анын үйүнө мыйзамсыз киргенин жазган.

Маалыматта эки укук коргоо кызматкери Жолдошбековдун үйүнүн кулпусун жана сырткы эшигин бузуп кирип, орой мамиле жасап, миграциялык каттоо боюнча документти талап кылышканы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG