Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Сибирдин эки аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө тыюу салынды.

Губернатор Андрей Травниковдун 15-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, бул аймактарда иштеп жаткан ишканалар чет элдик жумушчуларынын санын берүүгө тийиш. Бул "улуттук коопсуздукту, Новосибирск облусунун калкынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо максатында" жасалууда.

16-апрелде Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов патент менен иштеген мигранттарга аймак боюнча таксиде иштөөгө тыюу салган. Облус жетекчиси мындай чечимин "аймакта көбүнчө түрдүү кылмыштарды жасаган мигранттар таксиде мызаймсыз иштешет" деп түшүндүргөн.

2023-жылдын октябрында Мамлекеттик Думага чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтика тармагында, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташууда иштөөгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору киргизилген.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой мигранттарга курьер, таксист жана сатуучу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштаган.

“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө баштады. Кээ бир учурларда мигранттар аскер комиссариатында каттоого алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG