Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Парламенттин кызматкери ишембиликтин алдында каза болду


Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы ишембилиги. 20-апрель, 2024-жыл.
Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы ишембилиги. 20-апрель, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин аппаратынын Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн эксперти Асылбек Кадыров 20-апрелде Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта ишембиликтин алдында эс-учун жоготуп, “Тез жардам” менен ооруканага баратканда каза болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев жазды.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 60 жаштагы Асылбек Кадыров 1996-2005-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын Маалыматтык жана программалык-техникалык камсыздоо бөлүмүндө улук консультант, эксперт жана сектор башчысы болуп иштеген. Акыркы жылдары эксперт болуп иштеп жаткан.

20-апрелде спикер Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана парламенттин аппаратынын кызматкерлери Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта ишембиликке чыгышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагындагы баракчасына парламенттин аппаратынын кызматкери ишембилик учурунда каза болгонун жазган.

Өлкөдө жаз алды республикалык ишембилик өткөрүү салтка айланган. Ага айрым учурларда президент баш болгон мамлекет жетекчилери да катышат.

Ишембиликте көчөлөрдү жана короолорду тазалоо, мамлекеттик мекемелердин, турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүрөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG