Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Футзал: Кыргызстан Тажикстан менен тең чыкты


Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстандын спортчулары менен тең чыкты.
Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстандын спортчулары менен тең чыкты.

Тайланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан футзал боюнча 2024-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстандын спортчулары менен тең чыкты.

20-апрелде болгон оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Кыргызстандык футзалчылар 2:0 менен утулуп жатып, беттеш бүтөрүнө үч мүнөт калганда эсепти теңеп кетти. Голду Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчулары Шохрух Махмадаминов (37 мүнөттө) жана Максат Алимов (39 мүнөттө) киргизди.

Кыргызстан С тайпасына Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен бөлүнгөн. Кыргызстандык спортчулар 22-апрелде Түштүк Корея менен беттешет. Ушул тапта тайпада төрт упай менен экинчи орунда турат.

Кыргызстандык футзалчылар 18-апрелде Азиянын учурдагы чемпиону Жапонияны 3:2 эсебинде утуп алган.

Футзалдан Азия Кубогу 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2010-жылга чейин жыл сайын болсо, 2010-жылдан тартып, эки жылда бир жолу Кубоктун ээси аныкталат. Быйылкы мелдеш Бангкок шаарында 18-апрелден 28-апрелге чейин болот. Ага 16 команда катышууда. Тайпалык оюндардан кийин 8 команда плей-оффко чыгат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG