Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

АКШ Израилдин “Нецах Йегуда” батальонуна санкция салышы мүмкүн


Израилдин Коргонуу армиясынын “Нецах Йегуда” деген батальонунун аскерлери.
Израилдин Коргонуу армиясынын “Нецах Йегуда” деген батальонунун аскерлери.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилдин Коргонуу армиясынын “Нецах Йегуда” деген батальонуна санкция салууну көздөп жатканын Axios басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, бул бөлүктүн аскерлери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиндердин укуктарын бузууга барган.

“Нецах Йегуда” батальонунда Израилдеги ашынган (ортодокс) диний коомдордун өкүлдөрү кызмат өтөшөт. Эгер санкция салынса, бул аскердик бөлүккө Америка жардам берүүнү токтотот дегенди билдирет.

Басылманын маалыматына караганда, чечим Мамдепартаменттин атайын комиссиясы батальондун ишмердигин иликтеп чыккандан кийин кабыл алынган. 2022-жылдын соңунда аскерлердин палестиндерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка тиешеси барлыгы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин териштирүү башталган.

2022-жылдын декабрь айында Израиль “Нецах Йегуда” батальонун Батыш жээктен чыгарып кеткен. Андан кийин бул аскердик бөлүк өлкөнүн түндүгүндө болуп, Газа тилкесиндеги операцияларга катышып келет.

Чечим кабыл алынса, бул АКШ израил армиясынын бир бөлүгүнө санкция киргизген биринчи учур болуп калат.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху санкциялар тууралуу кабарларды "болбогон кеп" деп атап, бул кадамга каршы күрөшөрүн билдирди. Ал эми Израил армиясы “Нецах Йегуда” эл аралык укуктун эрежелеринен чыкпаганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG