Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

3,5 айда кызамыкка чалдыккандардын саны былтыркы жылдан ашып түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан берки үч жарым ай ичинде Кыргызстанда 8 209 адам кызамыкка чалдыкты. 2023-жылы жалпы өлкө боюнча 7046 адам кызамык жуктурган учур катталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамыктын жайылышы жана жалпы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча 22-апрелде өткөн жыйында илдеттин күч алышына эмдөөгө каршылар негизги себеп болуп жатканын айтты:

"Балдарды эмдөө иштерин болушунча күчөтүү зарыл. Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү сунуштарын бергиле. Саламаттыкка атайылап залал келтирүүгө, өзгөчө балдардын ата-энелери тарабынан жол берилбеши керек".

Эдил Байсалов эмдөө жалаң эле батыш өлкөлөрүндө эмес, ислам дүйнөсүндө: Сауд Арабиясында, Бириккен Арам эмираттарында жана башка ислам динин карманган мамлекеттерде да милдеттүү түрдө жүргүзүлүп, баласынын саламаттыгына залака келтирген ата-энелер жоопко тартыларын эскертти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин катталган 8209 бейтаптын 37,5 пайызы - ата-энелери эмдетүүдөн баш тарткан балдар.

Жалпысынан 2023-жылы кызамык, кызылча жана паротитке каршы 146 325 бала эмдөөдөн өткөн.

Кызамык оорусунун жайылышын токтотуу зарылдыгын, ал үчүн балдарды эмдетүү керектигин мамлекет башчы Садыр Жапаров да Рамазан айынын алдында белгилеген. Мамлекет башчы аалымдарды жана имамдарды элге эмдөөнүн мааниси жана зарылдыгы тууралуу маалымат жеткирүүгө көмөктөшүүгө чакырган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG