Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Казакстанда суу каптаган аймактарга жүздөгөн аскер жана куткаруучулар жөнөтүлдү


Казакстандын суу каптаган аймактары.
Казакстандын суу каптаган аймактары.

Казакстандын өкмөтү өлкөнүн Батыш Казакстан облусуна суу ташкындын кесепеттери менен күрөшүү үчүн жүздөгөн аскер жана куткаруучуларды жөнөттү.

22-апрелде таратылган расмий билдирүүгө ылайык, Жайык дарыясындагы суунун деңгээли 8,5 метрге жетип (кооптуу чектен ашып) жаткан аймакка 600дөй аскер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жиберилди.

Министрликтин өкүлү Аскар Шарип билдиргендей, Акмоло, Актөбө, Атырау жана Түндүк Казакстан облустарында суу тартылганына байланыштуу 23 миңден көп адам үйүнө кайтты. Дагы тогуз миңдей киши, анын ичинен төрт миңдей бала убактылуу баш калкалоочу жайларда калууда.

Буга чейин казак бийлиги суу ташкын кеминде жети кишинин өмүрүн алып, эки адамдын дайыны жок болуп жатканын билдирген.

Коңшу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-апрелде кабарлагандай, бир нече аймакта кырдаал оор болуп турат. Буга тынбай жааган нөшөр, кардын эриши түрткү болууда.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында учурда Тюмень, Оренбург жана Курган облустарында суу тартыла элек. Миңдеген адамдар үй-жайын таштап чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG