Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Депутат Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды


Жусупбек Коргонбай уулу.
Жусупбек Коргонбай уулу.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.

Бул тууралуу БШКдан ырасташты. Азырынча анын мандатын тапшыруусунун себеби айтыла элек.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сотко бергенин жарыялаган. Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анын мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган. Жыйынтыгында министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров бул маселеге "Кабар" агенттигиндеги кезектеги маегинде кайрылып, министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын айткан. Кийинчерээк маекке депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал дагы тийиштүү жазасын алат деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Анын ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG