Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:21

Селден улам Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыргызстандагы сел каптаган үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы сел каптаган үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас районунун аймагында 20-21-22-апрель күндөрү катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тиешелүү буйрукту район акими кабыл алды.

22-апрелде Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.

Учурда өзгөчө кырдаал катталган аймактарда комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Мунун алдында селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген эле.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Ноокен жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу каптады жана бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG