Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Өкмөт электр энергиясынын баасын 1-майдан баштап көтөрүүгө макулдугун берди


Электр лампасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Электр лампасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети 23-апрелде "Кыргызстандын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Токтом жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, электр жарыгынын баасы 1-майдан тарта көтөрүлөт. Айына 700 кВт саатка чейин керектелген 1 кВт саат электр жарыгынын акысына 10,8 тыйын, андан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.

Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарыгын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасын 1-июндан эмес, 1-майдан тарта көтөрүү сунушун Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти 19-мартта берген.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG