Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Европада жихадчылардын кеминде 10 терактын алдын алууга жетишилген


Аррас шаарындагы кол салуудан кийин. Франция. 13-октябрь, 2023-жыл
Аррас шаарындагы кол салуудан кийин. Франция. 13-октябрь, 2023-жыл

Нидерланддын Чалгын жана коопсуздук кызматы (AIVD) өткөн жылы Европада болгон теракттар тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, 2023-жылы Батыштын атайын кызматтары европалык өлкөлөрдө жихадчылардын бери дегенде 10 кол салуусун алдын алууга жетишкен. Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп таанылган) ортосундагы согуш жаңы чабуулдардын ыктымалдыгын жогорулатты.

Баяндама жөнүндөгү кабарды "Америка авазы" радиосу чыгарды. Материалда айтылгандай, жихадчылардын кол салууларына Нидерландда жана европалык башка өлкөлөрдө Куранды өрттөө жана Израил-Хамас жаңжалы түрткү берүүдө.

Былтыр августта Швецияда террордук коркунучтун деңгээли көтөрүлгөн. Ага чейин Куранды өрттөө жана мусулмандардын ыйык китебине каршы башка аракеттерден кийин жихадчылардан эскертүүлөр түшө баштаган.

Октябрда Брюсселде швециялык эки футбол күйөрманын атып кетишкен. Ошондо кол салган киши өзүн «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөсү деп атаганы маалымдалган.

Ошол эле айда Франциянын Аррас шаарында 20 жаштагы жигит бычак менен мектепке кол салганда бир мугалим каза тапкан, эки киши жаракат алган.

"Франциянын президенти Эммануэл Макрон окуяны исламчыл терроризмдин көрүнүшү деп сыпаттаган", - деп жазат "Америка авазы" Рейтер агенттигине шилтеме менен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG