Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Чолпон-Атада чет элдик эки студент көлгө чөгүп кетти


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу борборунда эс алып жаткан эки чет элдик жаран көлгө чөгүп кетти.

Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя 21-апрелде болгон. Милициянын нөөмөт бөлүмүнө түш ченде эки жаран көлгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган кызматкерлер алар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индиянын жарандары экенин такташкан.

Маркумдар 20 жана 19 жашта болгон. Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, алар пирстен секирип, кайра чыгышкан эмес.

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 24 миң чет элдик студент билим алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт. (ZKo/AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG