Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 7-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28°.