Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Орусия тактикалык ядролук курал боюнча машыгуу өткөрөрүн билдирди


Ядролук заряд алып жүрүүчү "Искандер" комплекси.
Ядролук заряд алып жүрүүчү "Искандер" комплекси.

Орусия жакынкы арада “стратегиялык эмес ядролук күчтөрдүн күжүрмөн тапшырма аткарууга даярдыгын жогорулатуу максатында” машыгуу жүргүзүүнү көздөп жатканын бүгүн 6-майда өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеме белгилегендей, мындай машыгуу өткөрүү тапшырмасын президент Владимир Путин берди, Башкы штаб "Түштүк аскердик округдун ракеталык түзүмдөрү менен авиациянын жана Аскердик-деңиз күчтөрүнүн катышуусу менен" даярдыгын баштады.

Машыгуу учурунда "стратегиялык эмес ядролук куралды даярдоо жана колдонуу маселелери боюнча практикалык иш-чаралар комплекси жүзөгө ашырылары", мындай куралдын күжүрмөн колдонулушу "Орусия мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн жана суверендигин кынтыксыз камсыздоо максатында Батыштагы айрым расмий адамдардын Орусиянын дарегине айткан чагымчыл билдирүүлөрүнө жана коркутууларына жооп катары" текшерилери белгиленди.

Кайсы расмий адамдар тууралуу сөз болуп жатканын Коргоо министрлиги тактаган жок, бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков машыгуу Франциянын президенти Эммануэл Макрондун, Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмэрондун жана айрым «америкалыктардын» соңку билдирүүлөрүнө байланыштуу уюштурулуп жатканын айтты.

Макрон Украинанын Орусиянын агрессиясына каршы согушуна жардам берүү үчүн Батыштын аскерлери жөнөтүлүшү ыктымал экенин билдирген.

Кэмерон Украина Британиядан алган куралды Орусиянын аймагындагы объектилерге каршы колдонсо болорун айткан.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис америкалык аскерлердин Украинадагы согушка кийлигишүү ыктымалдыгы тууралуу айтканын 6-майда айрым орусиялык басылмалар жазышты. Бирок, “Свобода” радиосу жазгандай, Жеффрис антип айткан эмес, ал эгер Украина утулуп, НАТОго коркунуч жарала турган болсо америкалык аскерлер Орусия менен кармаштын катышуучусу болушу ыктымалдыгын билдирген.

Стратегиялык эмес, башкача айтканда, тактикалык курал – бул тротил эквивалентинде бир нече килотоннага барабар болгон, салыштырмалуу чакан радиусту жабыркатуучу ракета алып жүрүүчү ядролук курал.

Мындай курал колдонулган машыгуулар СССР маалында өткөрүлчү, азыркы Орусиянын тарыхында болгон эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG