Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Кытай лидеринин Европа сапары Венгрияда жыйынтыкталууда


Си Цзинпин жана Виктор Орбан.
Си Цзинпин жана Виктор Орбан.

Кытай лидери Си Цзинпиндин Европа өлкөлөрүнө сапары бүгүн 9-майда Венгрияда уланат. Будапештте премьер-министр Виктор Орбан жана башка жетекчилер менен жолугушууларда Украинадагы согуш маселеси жана орток инфраструктуралык долбоорлор талкууланат деп пландалууда.

Си Венгриянын борборуна 8-майдын кечинде, Сербиядагы сапарын жыйынтыктагандан кийин барды. Белградда бул өлкөнүн президенти Александр Вучич жана башка расмий адамдар менен жолугушуу өттү.

Кытай лидеринин Европа сапары 5-майда Франциядан башталган. Париждеги жолугушууларда өлкө президенти Эммануэл Макрон жана Европа Биримдигинин жетекчилиги Сини Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге таасир этүүгө чакырышкан.

Си Венгриянын бийликчил Magyar Nemzet басылмасына жарыяланган маегинде бул өлкөнү «Европанын борбордук-чыгыш аймагындагы Кытай инвестициялары үчүн башкы максат» деп атады.

Эки өлкөнүн расмий бийлик өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу жыйырма чакты документке кол коюшары кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG