Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Путин глобалдык кармаш коркунучу күчөп баратканын айтты


Орусиянын жана Беларустун башчылары Владимир Путин жана Александр Лукашенко.
Орусиянын жана Беларустун башчылары Владимир Путин жана Александр Лукашенко.

Тактикалык өзөктүк курал колдонулуучу аскердик машыгуу өткөрүүнү көздөп жатканын жарыялаган Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 9-майда Москвада Жеңиш күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө глобалдык кармаш коркунучу күчөп жатканын эскертти.

Кызыл аянтта Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германия жеңилгенине байланыштуу уюштурулган кезектеги салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып, Путин Батышты "текебердик кылууда" деп сындады жана Орусия "эч кимге өзүн коркутууга жол бербей турганын" айтты.

7-майда бешинчи президенттик мөөнөткө киришкен Путин мындай риториканы Украинага кол салуусуна байланыштуу актанганда пайдаланып, Батыш адатта Орусиянын таасиринин бир бөлүгү болгон аймакка кирүү үчүн Украинаны колдонгонун айтып айыптап келе жатат.

Эки жылдан ашуун убакыттан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы кармашып келе жаткан расмий Киев жана аны техникалык, каржылык жактан колдогон Батыш бул согушту Путиндин советтик доордо көзөмөлдөнгөн аймакты басып алуу аракети деп аташат.

Орусиянын Коргоо министрлиги өзөктүк машыгуу өткөрөрүн 6-майда жарыялаган. Буга Улуу Британиянын жана Франциянын "мурда болуп көрбөгөндөй" жана "чагымчыл" билдирүүлөрү түрткү болуп жатканын, бул алардын Украинадагы согушка катышуусу көбөйө баштаганынын белгиси экенин билдирген.

9-майдагы сөзүндө Путин Евробиримдик "Орусиянын жоопкерчиликсиз мамилесинин уландысы" деп атап жаткан машыгууда "өзгөчө эч нерсе жоктугун" белгиледи.

Орусиянын союздашы Беларус да өзүнүн ядролук күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын текшерүүнү пландап жатканын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG