Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Тбилиси: Миңдеген киши "Чет элдик агент" долбооруна каршы жүрүшкө чыкты


"Чет элдик агент" мыйзамына каршы митинг. Тбилиси. 11-май, 2024-жыл.
"Чет элдик агент" мыйзамына каршы митинг. Тбилиси. 11-май, 2024-жыл.

Грузиянын борбор калаасында ишемби күнү кечинде "чет элдик агент" мыйзам долбооруна каршы ири нааразылык жүрүшү өттү. Ага 50 миңдей адам катышканын Reuters жазды. Оппозиция "Орусиядан көчүрүлдү" деп сындаган "Тышкы таасирдин ачыктыгы тууралуу" деп аталган мыйзам долбоору парламентте эки окуудан өткөн.

Нааразылык акциясынын катышуучулары бир нече багыт менен шаардагы борбордук Европа аянтына басып келишти. "Кавказ жаңырыгы" басылмасы маалымдагандай, алар Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин көтөрүп чыгышты. Жүрүш күүгүмдө болгондуктан, көпчүлүгү кол чырактарын күйгүзүп жүрүштү.


Мыйзамга каршылар ал өкмөткө көз карандысыз бейөкмөт уюмдарды жана оппозицияны ооздуктоого курал болуп берерин, Орусиядагыдай эле маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди жана оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоого жол ачып, Грузиянын Евробиримдикке карай багытына балта чабат деп кооптонушат. Жактагандар болсо бул мыйзам грант алуучулардын каржысынын ачык-айкындыгын камсыздарын билдирип, долбоор Орусиянын эмес, Американын мыйзамдарын кайталап жатканын белгилешүүдө.

Батыш өлкөлөрү Тбилисини андан баш тартууга үндөөдө. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан ишембиге караган түндө Х соцтармагындагы баракчасына "Вашингтон Грузиядагы демократиялык кризиске терең тынчсызданып жатканын" жазды.

"Грузин парламенти оор тандоонун алдында турат: грузин элинин Батышка умтулуусун колдоо же демократиялык баалуулуктарга каршы келген, Кремлдин үлгүсүндөгү "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамды кабыл алуу ", - деп билдирди Салливан.

Мыйзам долбоору үчүнчү жана акыркы окууда дүйшөмбүдө, 13-майда каралат.

Оппозиция мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясын жекшембиден дүйшөмбүгө караган түндө да Тбилисиде өткөрүүнү максат кылууда. Митинг түнү бою парламент имаратынын алдында болорун билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG