Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Украина Орусиянын чабуулунан бир киши каза болгонун, Волчанскиде абал оор экенин билдирди


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан бири кишинин өмүрү кыйылганын, дагы бир нече киши жараат алганын бийлик өкүлдөрү 13-майда билдиришти.

Сумы облусунда 24 калктуу пункт чабуулга кабылганын, жалпысынан 210 жолу аткылоо болгонун, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын, бир киши каза болгонун кыйылганын полиция мекемеси билдирди.

Херсон облусунда Инженерное айылына сокку урулганын, 74 жаштагы эркек киши бутунан жараат алып, оор абалда ооруканага жеткирилгенин облустук аскердик администрация маалымдады.

Донецк облусунда 13-майга караган түнү Селидово шаары С-300 ракеталары менен аткыланганын, кабат үйлөрдүн бир нечеси жана шаардагы окуу жайларынын биринин имараты талкаланганын облус жетекчилиги кабарлады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Волчанск шаарында “тактикалык жактан ийгиликке жетишип турганын”, ал жакка беш батальонго чейинки сандагы аскерлерин тартканын, жоготууларына көңүл бурбай чабуул коюп жатканын 13-майга караган түнү билдирди. Жалпысынан, мекеменин маалыматына караганда, “Харьков багытында кырдаал оор болууда жана динамикалык түрдө өзгөрүп жатат”.

Орус аскерлери чек арадагы Харьков облусундагы чабуулдарын 10-майда күчөтүп, Волчанск шаарынын тегерегиндеги бир нече айылды басып алышкан.

Жергиликтүү бийлик бүгүн кечке чейин шаардын бардык тургундары Харьков жакка эвакуация болорун, орус аскерлери аткылоосун улантып жатканын билдирди. Согушка чейин бул шаардын калкы 17 миңдин тегерегинде болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG