Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Кыргызгидромет кызматы 16-18-май күндөрү абанын температурасы жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

16-майда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 24...26 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG