Көк-Жаңгак шаарынын үч тургуну күйдүргүгө күмөн саналып, ооруканада жатат. Алардын бири Көк-Жаңгакта, бири Бишкекте, бири Жалал-Абаддагы бейтапканада дарыланууда. Малдын этин жеген үч киши бейтапканага кайрылды.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгердик практикалык борборунун башкы дарыгери Рустамбек Жунусов билдирди. Андан тышкары, алар менен байланышта болгон 104 киши медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Маалыматка ылайык, майдын башында Көк-Жаңгактын тургуну мал союп, этин жегенден кийин дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылган. Анын артынан эле ошол эттен жеген дагы эки киши ооруп калган. Алардын баарында күйдүргү оорусунун белгилери байкалган.
Адистер мал союлган жерден оорунун белгилерин аныктап, анализдер Ошко жөнөтүлгөн. 16-майга карата анын жообу келе элек.
Бейшембиде күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн Кеминдин 34 жаштагы тургунуна Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда операция жасалганы кабарланган.
Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу оору. Терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркаткан бул илдет менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, жылына эки жолу дезинфекциялоо зарыл. (TB\SE)