Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Министр Бейшеналиев чет элдик үч студент ооруканага түшкөнүн айтты


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяда чет өлкөлүк үч студент ооруканага түштү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бир чет өлкөлүк студент жаак-бет бөлүмүнө түшсө, эки студент травматология бөлүмүндө дарыланууда. Калгандары алгачкы медициналык жардам алган соң ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Буга чейин түндөгү окуяда жалпы 30га жакын адам жабыркаганы, алардын көбү ооруканага жаткырылбаганы белгилүү болгон. Жаракат алгандардын ичинде чет өлкөлүк студенттер да бар. Пакистандын Бишкектеги элчилиги 14 пакистандык жаран жабыркаганын билдирген.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Мындан кийин калаанын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолгон. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

17-майдын кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айткан.

Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок. Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти. (ErN)

XS
SM
MD
LG