Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Селден улам Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-майда катуу жааган жаандан улам жүргөн селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел жүргөн жерлерди тазалоо жана калыбына келтирүү үчүн Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтары, муниципалдык жана аймактык башкармалыктары иш алып барууда.

18-майда катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Ош шаарында сел жүрүп, жолдорду жана үйлөрдүн жертөлөсүн каптады. Ушул эле күнү Ак-Буура дарыясында киши агып баратканы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар 35-40 жаштардагы аялдын сөөгүн алып чыгышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.

Бул күнү Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун айрым жерлеринде сел жүрдү. Ош-Папан-Кожо-Келең жолунда, Садырбай-Каратай жолунда жана Мырзаке-Кара-Шоро ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, кум, шагылга толтуруп салды. Алар кайра тазаланды.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген.

Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен. (DSh/TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG