Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Кыргыз-тажик чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо талкууланды


Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев (солдо, калпакчан) менен Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода. Баткен.19-май, 2024
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев (солдо, калпакчан) менен Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода. Баткен.19-май, 2024

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода чек арада жолугуп, коомдук коопсуздук жана башка маселерди талкуулады. Баткен райондук акимчилиги 20-майда кабарлагандай, тараптардын жолугушуусу Ак-Сай айылынын чек арага жакын Тумба жерлигинде болду.

Анда 25-май - мектептердеги акыркы коңгуроо иш чараларына байланыштуу чек аралаш аймактарда түрдүү инциденттердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптын укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, атайын кайгуулдарды уюштуруу макулдашылды. Ошондой эле эл көп топтолгон жерлерде ыкчам чараларды көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо келишилди.

Жыйынга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Тараптар чагымга алдырбоо үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, туруктуулукту сактоого көңүл бурууну да макулдашты.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелериндеги жаңжалдар күчөп отуруп, эки мамлекет ортосунда 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка жеткен. Эки тараптан бир канча киши набыт кеткен окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.

Жаңжалдардан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин, эл арасында ынтымакты сактоого чакырган жолугушууларды жанданткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Расмий акыркы маалыматтарга ылайык, 50-55-чакырымдай такталбаган тилке калганы айтылып келет. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG