Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Ош, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак метрден, 21-майда түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 8…10°, күндүз 20…22° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG