Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Жөө күлүк Тяпкиндин Париж олимпиадасына жолдомосу жокко чыкты


Илья Тяпкин
Илья Тяпкин

Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкиндин Париж олимпиадасына алган жолдомосу жокко чыгарылды. Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму анын аты-жөнү жеңүүчүлөрдүн катарына жаңылыш жазылганын, мындан улам тизмеден өчүрүлгөнүн маалымдады. Муну "Азаттыкка" Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын башчысы Канат Аманкулов тастыктап, Тяпкиндин рейтингдик көрсөткүчтөрү дал келбегендиктен ушундай чечим кабыл алынганын айтты.

Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму 12-майда Париж олимп оюндарына норматив толтуруп, жолдомо уткан спортчулардын тизмесин жарыялаган. Ага Кыргызстандан Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова кошулган. Төрт күндөн кийин Тяпкин тизмеден алып салынган.

Спортчу өзү да бул тууралуу Инстаграм баракчасына жазып, "себебин сурабагыла, мен билбейм" деди.

Ошентип жеңил атлетикадан азыр Кыргызстанда жалгыз жолдомо Сардана Трофимовада бар. Канат Аманкулов олимп оюндарына дагы бир жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков лицензия алып калышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Андан тышкары, олимпиадага катышууга кыргызстандык балбандар - Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов жолдомо утуп алышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG