Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Лукашенкону сындаган активист абактан бошотулбай жатканы кабарланды


Полина Шарендо-Панасюк.
Полина Шарендо-Панасюк.

Беларуста бийликти сындаган активист Полина Шарендо-Панасюктун абак мөөнөтү дагы узартылышы ыктымал экенин бүгүн 21-майда «Азаттыктын» белорус кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, ал 3,5 жылдан бери отурган камактан бүгүн чыкмак, бирок дагы эле бошотула элек.

Күйөөсү Андрей Шарендо активист аялга башка дагы кошумча айыптар тагылышы ыктымал болуп жатканын, абактан эмне үчүн коё бербей жатышканы түшүнүксүз экенин айтты.

«Европалык Беларус» кыймылынын мүчөсү Полина Шарендо-Панасюк өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенконун дарегине «кемсинткен сөз айткан жана полиция кызматкерине кол салган» деген айып менен 2021-жылы кармалып, 2 жылга камакка алынган.

Аны былтыр август айында бошотушмак. Бирок мунун ордуна «пенитенциардык системанын ички тартибин бузду» деген кошумча айып тагылып, абак мөөнөтү 2024-жылдые 21-майына чейин узартылган.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG