Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

ТИМде Бангладештин элчиси менен чет элдиктердин коопсуздугуна байланышкан маселе талкууланды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 21-майда Бангладештин элчиси Мохаммад Монирул Ислам жолушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады.

Анда министрдин орун басары 18-майдагы Бишкектеги окуя боюнча жана укук коргоо органдарынын чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө маалымат берди. Имангазиев элчиден такталган, расмий маалыматтарды гана коомчулукка жеткирүүнү өтүндү.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып пакистандык студенттер сабалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин билдирген. Чүй менен 7-апрель көчөсүнө топтолгондор таңга жуук тарап кеткен.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

13-майда Египеттин жарандары менен мушташкан үч кыргызстандык, 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу сегиз киши кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен козголгон иш боюнча Египеттин төрт жаранын кармап, алар кийин үй камагына чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG