Жогорку Кеңеш: Үчүнчү комитет уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда жактырды
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Документти ушул эле күнү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жактырган. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет 27-майдагы отурумунда биринчи окууда колдогон.
Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароо 3-июнга калды
Бул иш боюнча дагы бир катышуучунун адвокаты менен сотко келбегени себеп болгонун Мадумаров журналисттерге билдирди. 26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес. Жети ай тергөө абагында отургандан кийин экс-депутат 26-апрелде эркиндикке чыккан.
Казакстан: Беш жашар бала "айдаган" машине беш кишини коюп кетти
Коңшу өлкөдө беш жашар баланын айынан жеңил машине беш кишини коюп, жарадар кылган окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын "Азаттыктын" казак кызматы полициянын маалыматына таянып билдирди. Окуя Жезказган шаарында болгон. "Машиненин ичинде отурган беш жаштагы бала кол тормозун коё бергени аныкталды. Натыйжада машине турган жеринен жылып, адамдарды сүзгөн. Түрдүү жараат алган төрт киши ооруканага жаткырылды", — деп билдирди Улытау облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы.
Жаза аткаруу кызматы Равшан Жээнбеков менен чогуу отурган адамдан кургак учук аныкталбаганын билдирди
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков аны менен камерада турган адам кургак учук менен ооруй турганын буга чейин сотто айткан. Саясатчынын адвокаты жазуу түрүндө ЖАКтын жетекчилигине кайрылган. Тергөө абагындагы сегиз жаран тез арада медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылган кайрылууну саламаттык сактоо министрине, атайын прокурорго, укук коргоочуларга, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана маалымат каражаттарына жолдошкон. Алар №1 тергөө абагында эки адам кургак учукка чалдыгып, башкалардан обочолонгонун, алардын бири карантинге которулганга чейин Жээнбеков менен чогуу бир камерада жатканын билдиришкен.
Аскат Жетиген УКМКнын имаратында кыйноого кабылганын кайталады
Бишкектин Свердлов райондук сотунда “массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери менен айыпталып жаткан акын Аскат Жетигендин иши боюнча соттук отурум бир сааттай уланды. Судья түшкү тыныгуудан кийин башка жараяны бар экенин билдирип, Жетигендин ишин кароону 4-июнга жылдырды. Отурумдан соң Аскат Жетиген “Азаттыкка” буга чейин кыйноо боюнча айтканына түшүндүрмө берди. Ал Тергөө абагында эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жер төлөсүндө кыйноого кабылганын тактады.
Депутат Энергетика министрлиги майнинг фермалар тууралуу маалымат бербей жатканын айтты
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 28-майдагы жыйналышында депутат Улугбек Ормонов Кыргызстандагы майнинг компаниялар тууралуу маселе көтөрдү. Ал Энергетика министрлиги майнинг-фермалар иштеткен электр энергиясынын көлөмү жөнүндө маалымат бербей жатканын билдирди.
Израил Рафахка чабуулун улантты, Нетаньяху 27-майдагы соккуну "кайгылуу ката" деп атады
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы качкындар лагерине урулган, ондогон палестиндин өмүрүн алган соңку соккуну "кайгылуу ката" деп атады. Бирок ал "бардык максаттар ишке ашырылмайынча" согушту уланта берерин убада кылды. Бул тууралуу Нетаньяху өлкө парламентинде сүйлөп жатып айтты. 27-майга караган түнү, Газанын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израил армиясынын соккусунан Рафахта кеминде 45 кишинин өмүрү кыйылды, жүздөгөн киши жараат алды.
Испания, Ирландия жана Норвегия Палестина мамлекетин тааныды
Испания, Ирландия жана Норвегия 28-майдан тартып Палестинаны мамлекет катары расмий түрдө тааный башташат. Бул тууралуу үч өлкө 22-майда билдирүү таратып, алардын демилгеси башка өлкөлөрдү да ушундай кадамга шыктандырып, символикалык таасирин бере аларына үмүттөнөрүн айтышкан.
Грузия: Парламент "чет элдик агент" мыйзамына коюлган президенттик ветону жойду
Талкуу сегиз сааттай уланып, оппозициялык жана бийликчил депутаттар ортосунда кайрадан кайым айтышуу да болду. Президент Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18-майда вето койгон жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген. Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Мыйзам долбоору талкууланып жатканда буга чейин да депутаттар ортосунда чыр чыккан окуялар катталган.
Иранда президент Раисинин өлүмүнөн кийин пикир жазгандарга, маалымат бөлүшкөндөргө көзөмөл күчөдү
Укук коргоочулар Иранда бийлик президенттин өлүмүнөн кийин социалдык түйүндөргө ким кандай маалымат жарыялап, бөлүшүп жатканына көзөмөлүн күчөткөнүн билдирүүдө. Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, каза болгону расмий кабарланган.
Орусиядан чыгарылган чет элдиктер эки эсе көбөйдү
Быйыл жыл башынан тартып апрель айына чейин былтыркы жылдын ошол мезгилине салыштырганда дээрлик эки эсе көп чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Жалпысынан быйыл төрт айда 22 миңдей чет элдик чыгарылганын "Верстка" басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.
"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.