Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Орусиянын полиция башчысы Тажикстанга барып, мигранттар маселесин талкуулады


Владимир Колокольцев жана Эмомали Рахмон.
Владимир Колокольцев жана Эмомали Рахмон.

Орусиядагы тажикстандык эмгек мигранттары боюнча маселе бул өлкөнүн ички иштер министри Владимир Колокольцевдин Тажикстандагы иш сапарынын жүрүшүндө талкууланып жатканын бүгүн, 28-майда «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Орус министри Дүйшөмбүгө 27-майда барганы, «тажикстандыктардын тыюу салынган партияларга жана кыймылдарга тартылуусуна жол бербөө» жана «Орусиядагы эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу» маселеси талкууланганы маалымдалды.

Президент Эмомали Рахмон менен эки өлкөнүн тартип коргоо органдарынын кызматташтыгы талкууланганы, эмгек миграциясы жана коопсуздугу жаатындагы алакага өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Рахмон «Орусияда жүргөн тажик эмгек мигранттарын укуктук жана социалдык жактан коргоону күчөтүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн» белгиледи.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалгандардын арасынан 12 кишинин теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө белгиленген.

«Озоди» белгилегендей, жыл сайын миңдеген тажикстандык мигрант Орусиядан түртүү шылтоо менен чыгарылып, дагы жүздөгөн мигрант камалып, куугунтукка алынууда. Эксперттердин баамында, Орусия бийлиги эмгек мигранттарынын маселесин Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүү ыкмасы катары колдонуп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG