Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ноокатта 41 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Оштун Ноокат районунда элге мыйзамсыз берилген 41 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди. 29-майда таратылган расмий кабарга ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жер тилкесинин наркы 452 миллион 100 миң сом деп бааланган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Ноокат райондук администрациясынын 2014 жана 2020-жылдагы токтомдорунун негизинде трансформациялоо иштери жүргүзүлбөгөн жерлер турак жай куруу үчүн калкка бөлүштүрүп берилген.

Атайын кызмат Жер кодексинин айрым беренелери бузулганын билдирип, райондук прокуратура менен чогуу териштирүү жүргүзүлгөнүн кабарлады. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) иш козголуп, мурда жетекчилик кызматта иштегендер камакка алынды.

Расмий маалыматта бир канча киши камалганы белгиленген, бирок канча киши экени айтылган эмес.

2022-жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам алкагында айрым жер участокторуна мунапыс бериле баштаган. Бул үчүн 40 райондо, 20 шаарда 60ка жакын комиссия иштеп жатканы кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG