Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Украина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза болгонун билдирди


Украина. Согуштук дронду жок кылуу.
Украина. Согуштук дронду жок кылуу.

Украинада кечээтен бери Орусиянын чабуулдарынан бир нече адам каза болгонун 29-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Сумы облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, 29-майдын таңындагы соккудан эки киши каза болду, үчөө жараат алды, үйлөр талкаланды.

Чернигов облусунун башчысы Вячеслав Чаус 48 жаштагы жергиликтүү тургун ок-дарынын сыныгы башына тийип каза болгонун билдирди.

Украинанын Башкы штабы Орусия аталган эки облуста аскерлерин көп топтой баштаганын билдирген.

Донецк облусунда кечээтен бери үч кишинин өмүрү кыйылганын, 14 киши жараат алганын облус башчысы Вадим Филашкин маалымдады.

Херсон облусунда кечээ бир киши каза болгону кабарланган.

Соңку кезде чабуул күчөп, ондогон адамдын өмүрү кыйылып жаткан Харьков облусуна да сокку урулуп, калктуу пункттар жабыркады, бир киши жараат алды. 25-майда «Эпицентр» гипермаркетиндеги соккудан жараат алгандардын дагы бири ооруканада каза болгону, курмандыктардын саны 19га жеткени маалымдалды.

29-майга караган түнү Украинанын Николаев, Кировоград жана Ровно облустарына учурулган согуштук 14 дрондун 13үн атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн Башкы штаб билдирди.

Фронт тилкесинде бир суткада 110 жолу кагылышуу болгону, орус аскерлери Покров багытында бир аз жылышка жетишкени маалым болду.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиядагы объектилерге соккусу, эгер пропорционалдуулук бар болсо, мыйзамдуу деп эсептелерин 28-майда биримдиктин коргоо министрлеринин жыйынында айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG