Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт


31-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG