Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Кара-Суу: Жаңы-Барак айылында 98 үйдүн пайдубалы түптөлдү


Жаңы-Барак айылында жүрүп жаткан курулуш. Кара-Суу району. 30-май, 2024-жыл.
Жаңы-Барак айылында жүрүп жаткан курулуш. Кара-Суу району. 30-май, 2024-жыл.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 30-майда айылга курула турган 101 турак жайдын 98инин пайдубалы түптөлдү. 18 үйдүн дубалдары жеңил конструкция менен тургузулду. Калганы 16-июнга чейин бүтө турганы айтылды.

160 батирлүү "Ынтымак-Достук" кабаттуу үйүн долбоорлоого архитектуралык уруксат кагаздары жана документтери даярдалды.

Айылда чакан футбол аянтчасы жана 140 орундуу бала бакча да салынары өкмөттүн маалыматында жазылган.

Билдирүүгө караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш иштерин көрүп чыгып, ишти өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүрүлгөн кыргызстандыктар үчүн Кара-Суу районунда Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда башталган.

Барактыктар 2024-жылдын апрелинде Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп чыкты. Аларга жаңы айыл Өзбекстан менен Барак айылына айырбашталган жерге салынмай болгон.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG